Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

ISW: Украина Крымдагы аскердик объектилерге сокку урууну улантып жатышы мүмкүн


Жанкой шаарынан 20 чакырым алыстыктагы Майское айылындагы жарылуу. 16-авгут, 2022-жыл.
Жанкой шаарынан 20 чакырым алыстыктагы Майское айылындагы жарылуу. 16-авгут, 2022-жыл.

Согушту изилдөө институту (ISW) Украинанын армиясы аннексияланган Крымдагы Орусиянын аскердик объектилерине сокку урууну улантып жатышы мүмкүн деп кабарлады. Бул тууралуу институттун жаңы баяндамасында айтылды.

Мындай жол менен Украинанын Куралдуу күчтөрү орус логистикасынын мүмкүнчүлүктөрүн жана Днепрдин батыш жээгиндеги операцияны колдоо жолдорун алсыратууга аракет кылып жатышы мүмкүн дейт серепчилер.

Керч шаарынын тургундары Крым.Реалии сайтына 18-августтун кечинде жардыруулардын добушундай катуу үндөрдү укканын айтышкан. Жардыруулар тууралуу “ВКонтакте” социалдык тармагынын колдонуучулары да жазышты. Аннексияланган Крым жарым аралынын Орусия дайындаган жетекчиси Сергей Аксёновдун кеңешчиси Олег Крючков Керчте абадан коргонуу системасы иштегенин билдирди.

Мурунку түнү Орусиянын “Белбек” аба майданынын аймагында жарылуулар угулган. Шаарга жакын жайгашкан Севастополдун жана Бахчисарай районунун бир нече тургуну “жардыруулардын жана ок атышуулардын үндөрүн” укканын айтышкан.

Reuters агенттиги жергиликтүү булактарга таянып, Севастополдогу “Белбек” аэродромунда кеминде төрт жардыруу болгонун жазды.

Севастополдун Орусия дайындаган башчысы Михаил Развожаев Телеграм- каналына “Белбек” аймагында болгон окуяны ырастап, бирок “эч ким жабыркаган жок” деп билдирди. Ал “алдын ала маалыматтар боюнча, “Белбек” аймагынан учкучсуз учуучу аппарат атып түшүрүлгөн” деп жазды.

16-августта Крым жарым аралындагы Жанкой шаарынан 20 чакырым алыстыктагы Майское айылында катар-катар жарылуулар катталган. 9-августта Крымдагы орусиялыктар колдонгон “Саки” аскердик аэродромунда удаа жарылуулар катталган. Орусиянын бийлиги анда бир адам өлүп, 14ү жараат алганын билдирген. Бир нече үйлөр талкаланган.

Орусиянын Коргоо министрлиги анда аэродромдун аймагында авиациялык дүрмөттөр детонация болуп, жарылып кеткенин жарыялаган. Мекеме сырттан чабуул болгонун четке каккан. Украинанын бийлиги да бул жарылууларга тиешеси бар экенин тактаган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG