Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:18

Ысык-Көлдө майыптыгы бар жарандардын жүрүшү уланууда


Майыптыгы бар адамдарды жүрүшү. Чолпон-Ата шаары. 19-август.
Майыптыгы бар адамдарды жүрүшү. Чолпон-Ата шаары. 19-август.

Чолпон-Ата шаарында 19-августта майыптыгы бар жарандардын жүрүшү старт алды. Жүрүштүн катышуучулары узундугу 135 чакырымды басып, 24-августка чейин Каракол шаарына барышат. Биринчи күнү алар 25 чакырымды басып өтүштү.

Иш-чаранын максаты майыптыгы бар адамдарга карата стереотиптерди жана стигманы азайтуу, алардын укуктарынын корголушуна көңүл буруу. Жөө жүрүштө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуулар дагы болот. Учурда бул иш-чарага аймактардан келген 21 адам катышып жатат.

Республика боюнча 202 300 майып адамдар бар, алардын отуз беш миңи балдар. Быйыл 1-июндан тартып 18 жаштан жогорку 1- топтогу майыптыгы бар жарандарга жеке жардамчы кызматы киргизилди. Жардамчылардын айлыгы быйылтан тартып 6300 сомго чейин көбөйдү, мурда 4900 сом болчу. Андай жардамчылардын саны жалпы өлкө боюнча 8493 адам. Казынадан каралган каражаттын суммасы 305, 7 млн. сом.

Кыргызстандагы көпчүлүк аймактарда майыптыгы бар адам үчүн инфраструктура жакшы түзүлбөгөнү көп талкууланып келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG