Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:44

Зеленский эгемендик майрамдын алдында Орусия чабуулдарын күчөтөрүн эскертти


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украин президенти Владимир Зеленский 24-август – Украинанын эгемендик майрамынын алдында Орусиянын күчтөрү чабуулдарын күчөтөрүн эскертип, аскерлерди жана калкты ошого даяр болууга чакырды. Бул тууралуу ал соңку видео кайрылуусунда айтты.

Зеленский бул күнү согуш башталганына толук 6 ай болорун да белгилеп, ушунча убакыттан бери жеңилбей, күрөшүп жатканына украиндер сыймыктанышы керектигин айтты.

“Биз ушул аптада Орусия өзгөчө бир каранасатай, өтө жаман бирдемелерди жасай турганын аңдашыбыз керек. Душманыбыз ушундай экен. Бирок жарым жылдан бери ар аптада Орусия куду ушундай эле таш боордук менен жаман нерселерди жасап келе жатат. Душмандын эң башкы милдети – биздин, украиналыктардын, баатырларыбыздын мүмкүнчүлүктөрүн азайтып, коркуу сезимин жаратуу, чыр-чатактарды чыгаруу. Ошондуктан бир да мүнөт алсыздыгыбызды көрсөтпөйлү, душмандын басымына алдырбайлы”, – деди ал видео кайрылууда.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 22-августка карата билдирүүсүндө Бахмут облусунда орусиялык артиллериядан бир нече конуштар талкаланганын, бир нече киши мерт болгонун билдирди. Орус күчтөрү Луганск жана Донецк облустарынын чыгыш тарабындагы ээлеген аймактарына көзөмөл орнотуусун, Херсон шаарындагы жана Харьков, Запорожье, Николаев облустарынын бир бөлүктөрүн кармоосун улантты.

Запорожье АЭСинин тушунда, Днепр дарыясынын экинчи бетинде жайгашкан Никополь шаары түнкүсүн беш жолу аткыланды. Облус губернатору Валентин Резниченко Телеграмга жазгандай, шаарга 25 артиллериялык дүрмөт тийди, андан чыккан өрттөн 3 миңдей тургун үйсүз калды.

21-августта АКШнын президенти Жо Байден, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Германиянын канцлери Олаф Шольц жана Франциянын президенти Эммануэл Макрон телефондон сүйлөшүп, Украинадагы кырдаалды жана өзөктүк куралдардын коопсуздугун камсыздоо маселелерин талкуулашты. (ErN)

XS
SM
MD
LG