Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:01

Липосакциядан каза болгон келиндин өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши токтотулду


Липосакциядан каза болгон келиндин өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иши тараптар элдешип алганына байланыштуу токтотулганын Бишкек милициясы "Азаттыкка" ырастады. Маалыматка караганда, жабырлануучу тарапка материалдык чыгым төлөнүп берилмей болгон.

Денесиндеги ашыкча майларды сордурткан (липосакция) операциядан кийин абалы начарлаган Айдайды "Тез жардам" кызматы Улуттук госпиталга 14-июнда жеткирген. Маркумдун сиңдиси "Азаттыкка" бейтаптын комага түшүүсүнө Art сlinic аттуу менчик клиникада иштеген пластикалык хирургдун катасы себеп болгонун билдирген.

Менчик клиниканын шаардагы ооруканалардын реанимация бөлүмдөрү менен келишими жок болгондуктан, бейтап тааныштардын көмөгү менен Улуттук госпиталдын анестезиология жана реанимация бөлүмүнө эс-учун жоготкон абалда түшүп, кийин көз жумган.

Айдайга дарыгерлер "курч перитонит" деген диагноз коюшуп, операция жасашкан жана алар анын ичегиси эки жеринен тешилгенин аныкташкан. Келинге операция жасаган дарыгер 18-июлда тергөө абагына камалган.

Жалгыз бой эненин артында эки баласы калган.

Бишкек шаардык Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы бул факты боюнча Кылмыш -жазык кодексинин 146-беренеси боюнча ("медициналык же фармацевттик кызматкердин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбоо") иликтөө жүргүзүп, зарыл экспертизаларды дайындаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG