Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Орусиядагы кырсыкта каза болгондордун сөөгү 23-августта өлкөгө алып келинет


Жол кырсыгына кабылган кичи автобус.
Жол кырсыгына кабылган кичи автобус.

Орусиянын Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгында каза болгондордун сөөгү 23-августта Кыргызстанга алып келинет. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, маркумдардын сөөгүн алып келүү үчүн даярдалган жүк ташуучу учак Ульяновск шаарына 23-августта учуп кетип, ошол эле күнү саат 18:00дө Ошко келип конот.

"Каза болгон 14 адамдын ичинен бешөө Баткен, беш киши Жалал-Абад, төртөө Ош облусунун тургундары. Тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү тосуп алып, сөөктү маркумдардын мурда жашаган айылдарына жеткиребиз", - деди Ажикеев.

Министр менен маекти бул жерден угуңуз:

Буга чейин Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгында каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү үчүн атайын учакты уюштуруу иштери жүрүп жатканын кабарлаган. Элчилик тараткан маалыматка караганда, ушул тапта консулдук кызматкерлер окуя болгон жерде жүрүшөт. Алар кырсыкта жараат алып, ооруканада жаткан үч жарандан кабар алышты. Алардын абалы туруктуу оор деп бааланууда.

21-августта Ульяновскидеги ири жол кырсыгында 16 адам каза болгон, алардын 14ү кыргыз жараны экени такталган. Дагы үч адам ооруканага жеткирилгени кабарланган.

Мерт болгондордун жакындары үчүн элчиликтин (+7 926 861 50 98, +996 551 312-000) атайын телефондору күнү-түнү иштеп жатат.

Маалыматтарга караганда, аварияга учураган кичи автобустагы кыргызстандыктар "кирди-чыкты" талабынан улам орус-казак чек арасына келип, кайра кайтып баратышкан.

Соңку учурда Орусиядагы мигранттарга каттоо талабынын күчөгөнүнө, кыргыз элчилигинин ишине байланыштуу сын-доомат көп айтылып жаткан.

Президент Садыр Жапаров Орусиянын Ульяновск облусундагы 14 кыргыз жаранынын өмүрүн алган окуяга байланыштуу кайрылуу жасап, 23-августту Кыргызстандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялаганын билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG