Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

Аманбаев менен Мураталиев кызматтан бошотулду


Тентимиш Мураталиев жана Исирадин Аманбаев. Коллаж.
Тентимиш Мураталиев жана Исирадин Аманбаев. Коллаж.

Мукаш Абдраев атындагы республикалык атайын музыкалык мектеп-интернатынын директору Исирадин Аманбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлагандай, тиешелүү буйрукка 22-августта министр Азамат Жаманкулов кол койгону айтылат.

Министрдин дагы бир буйругуна ылайык, Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору Тентимиш Мураталиев 22-августтан тартып ээлеген кызматынан бошотулду.

Мекеме мындай чечимдин себебин тактаган эмес.

Аманбаев Мукаш Абдраев атындагы атайын адистештирилген музыкалык мектеп интернатын 2011-жылдан бери жетектеп келген. Мураталиев болсо Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын директорлук кызматын 1986-жылдан бери аркалап келаткан.

Өткөн айда президент Садыр Жапаров көп жыл иштеген мектеп директорлорун иштен алуу, аларды атайын сынак аркылуу дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, беш жылдан көп иштеген мектеп директорлору иштен бошотулуп, кайра сынак аркылуу тандалууда. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG