Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:44

Украина согушта 9 миң жоокери өлгөнүн маалымдады


Валерий Залужний
Валерий Залужний

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужний Орусия кол салган алты айдан бери дээрлик 9 миңге жакын украин жоокери каза болгонун жарыялады. Бул тууралуу ал 22-августта атайын форумда сүйлөп жатып айтты.

“Бул согушта колуна аскерлер менен курал алгандар эле катышып жаткан жок. Эч кандай күнөөсү жок биздин кичинекей балдар ушул жерде, ушул убакта туулуп калганы үчүн гана аралашып калды. Алар эмне болуп жатканын чындап түшүнбөй жатышат. Бирок Соледардабы, Бахмуттабы, же ушул жердеби, сөз жок, биздин коргообузга муктаж. Анткени алардын атасы фронтко кеткен. Балким, алардын атасы так ошол курман болгон дээрлик 9 миңдей баатырдын катарында болушу мүмкүн”, – деди Валерий Залужний.

Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден бери эки тарап тең жоготуулар тууралуу маалымат берүүдөн карманып келишет. Акыркы жолу апрелдеги билдирүүсүндө украин президенти Владимир Зеленский согушта 3 миңдей аскер өлгөнүн, 10 миңдейи жарадар болгонун айткан.

Ошол эле маалда Москва аскерлердин өлүмү тууралуу маалыматтарды мамлекеттик сыр катары карап жатат жана жоготуулар тууралуу маалыматтарды дээрлик жаңылабай жатат. Орус тарап соңку ирет 25-мартта 1351 жоокери өлгөнүн билдирген.

Украинанын расмийлери Орусиянын аскердик жоготуусун 45 миң 500 деп баалап жатат. АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгы (ЦРУ) июль айынын аягына карата Орусия согушта 15 миң аскеринен айрылып, 45 миң жоокери жараат алганын кабарлаган.

Согуш болуп жаткан маалда жоготуулар тууралуу көз карандысыз булактардан маалыматты тактоо мүмкүн эмес. (ErN)

XS
SM
MD
LG