Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:58

Төлөбек Абдырахманов Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалды


Төлөбек Абдырахманов жана президент Садыр Жапаров. Сентябрь, 2021-жыл. Бишкек.
Төлөбек Абдырахманов жана президент Садыр Жапаров. Сентябрь, 2021-жыл. Бишкек.

Төлөбек Абдырахманов Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган окуу жайын 2017-жылдан тартып Канат Садыков жетектеп келген.

Ал эми Абдырахманов Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору кызматын аркалаган.

Президент Садыр Жапаровдун 18-июлда кол койгон жарлыгына ылайык, беш жогорку окуу жайына өзгөчө макам берилген. Алардын арасында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети дагы бар. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG