Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:02

Чет элдик жарандарга "Санариптик көчмөн" макамын берүү долбоору башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык чет элдик жарандарга «Санариптик көчмөн» («Digital nomad») макамын ыйгаруу боюнча пилоттук долбоор башталды.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, “Санариптик көчмөн" макамын алгандар Кыргызстандын аймагына жашаган жери боюнча каттоосу жок, иштөөгө уруксаты жок визасыз кирүүгө жана жүрүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле жеке идентификациялык номер (ЖИН) жөнүндө маалыматты камтыган документтер талап кылынбайт.

"Дүйнө жүзүндө Digital nomads деп аталган «Санариптик көчмөндөрдүн» саны өсүүдө. Адамдарга иштөөгө компьютер жана жогорку ылдамдыктагы жакшы интернет эле керек, алар дүйнөнүн каалаган жеринде иштей алат. Пандемия учурунда аралыктан иштөө практикасы кеңседе болуунун зарылдыгы жок экенин аныктап, адистердин белгилүү бир кластерин калыптандырды жана бул адамдардын көбү бир нече компанияларда бир эле убакта иштей алат. Мындай адамдарды Кыргызстанга көчүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү - бул жөнгө салуучу демилгенин максаты болуп саналат", – деди министр Данияр Амангелдиев.

Кыргыз өкмөтү быйыл жазында маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында иштеген чет элдик жарандарды өлкөгө тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзө баштаганын айткан. Мамлекет башчысы "санарип көчмөндөр" боюнча атайын буйрук чыгарып, Экономика жана коммерция министрлиги убактылуу жобонун долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Эксперттер IT-адистерди Кыргызстанга тартуу өлкө экономикасы үчүн маанилүү экенин белгилеп жатышат.

Президент Садыр Жапаров 6-апрелде "санарип көчмөндөр" үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча тескемеге кол койгон. Анда IT-чөйрөсүндө иштеген заманбап, чыгармачыл жана жогорку квалификациялуу адистерди, инвесторлорду жана ишкерлерди тартуу, жаңы ишканаларды ачуу, инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүүнү көздөй турганы белгиленген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG