Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:36

Акылбек Жапаров: ЕАЭБде улуттук валютаны көбөйтүү экономиканын туруктуулугун камсыздайт


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин товар жүгүртүүсүндө улуттук валюталарды колдонуу боюнча бардык багытта талкуулашканын билдирди.

Бул тууралуу Жапаров 26-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйында айтты. Анда Министрлер кабинетинин төрагасы биримдиктеги мүчө мамлекеттердин улуттук валюта төлөм карталарын камсыздоо боюнча иштер аныкталганын белгиледи.

“Бул сунуштардын ишке ашыруу менен анын натыйжасы интеграцияда улуттук экономиканын жана макроэкономикалык туруктуулукту жогорулатат деп ишенем”, - деди Жапаров.

Бул маселени талкуулоо керек экенин Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов дагы айтты. Буга чейин Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн товар жүгүртүүсүндөгү эсептешүүлөрдө мамлекеттердин улуттук валютасынын көлөмүн көбөйтүү жөнүндө талкуулоону сунуштаган.

Орусиялык РБК басылмасы Орусия Евразия өкмөт аралык кеңешинде уюмдун ичинде соода жүгүртүүдө өлкөлөрдүн улуттук валютасынын үлүшүн көбөйтүүнү сунуштарын жазган. Анда токтом долбоорун Орусия даярдаган жана сунуштардын бир катары SWIFT системасы жок эсептешүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат. 2022-жылы Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылып жатат.

Жыйынга Азербайжандын премьер-министри Али Асадов, Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов, Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов катышууда.

Евразия экономикалык биримдиги 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган. (TSh)

XS
SM
MD
LG