Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:16

Салык төлөбөгөндөр боюнча рейд башталат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматы сентябрь айында транспорт каражатына, турак жайга жана жер участогуна салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзөт. Аталган мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, белгиленген мөөнөттө салык төлөөгө үлгүрбөй калгандар салыктан тышкары административдик айып төлөп, кечиктирилген ар бир күн үчүн туум төлөйт.

Салык кызматы 1-сентябрга чейин транспорт каражатына, турак жай имаратына (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган, үй, батир) жана үй, короо-жайдын жанындагы жана бак чарба жер участокторуна салык төлөөнү эскертет.

"Салык төлөгөнгө чейин маалыматтык эсепти электрондук түрдө Salyk.kg “жеке кабинети” аркылуу же салык органына баруу менен кагаз түрүндө тапшыруу зарыл.

Calculator.salyk.kg сайты аркылуу салыктын суммасын өз алдынча эсептөөгө мүмкүн. Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом суммасында айып каралган", - деп айтылат маалыматта.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg. сайтынан алууга болот.

Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, ушул жылдын алты айынын алдын ала жыйынтыгында консолидацияланган бюджеттин ресурстары 190,0 млрд. сомду түздү же 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 53,3 млрд. сомго көбөйгөн. Республикалык бюджеттин кирешелери 120 млрд. сомго жетип, былтыркыга караганда 47,1 % же 38,4 млрд. сомго көбөйдү.

Алты айда салыктан 93,1 млрд. сом түшкөн. Анын көлөмү былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 35,6 млрд. сомго арбыган. Мамлекеттик салык кызматы 72,8 млрд. сом чогулткан, бул өткөн жылдын ушул мезгилиндегиден 24 млрд. сомго көп. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG