Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Бекназаров Июнь окуясы боюнча сотто сурак берип чыкканын билдирди


Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров 2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча 25-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда сурак берип чыкканын "Азаттыкка" билдирди.

Ал Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти, экс-депутат, маркум Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан чыгып кетишине байланыштуу күбө катары суралган.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) былтыр жазында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын маалымдаган. Анда кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы башчысы, кооганын чыгышына күнөөлүүлөрдүн бири деп аталган маркум Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин айткан.

Кылмыш иши былтыр козголгону менен тергөө иштери быйыл активдешип, 20дай саясатчы суралган. Алардын арасында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, президент Садыр Жапаров жана атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев дагы суралганы расмий жарыяланган.

2010-жылдагы июнь окуясы боюнча кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү 10-августта белгилүү болгон. Анын негизинде 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү - мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ал кездеги коргоо министри Исмаил Исаков, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асановго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча айып коюлду.

Иш 25-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жабык каралды.

2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча кылмыш иште айып тагылгандардын бири, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун адвокаты тергөөдөгү айрым жагдайларды жокко чыгаруу талабы менен Бишкек шаардык сотко кайрылганына байланыштуу 25-августка белгиленген соттук териштирүү болбой калды.

Буга чейин Башкы прокуратура тергөө ар тараптуу жүргөнүн кабарлаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG