Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:29

Кыргыз-казак премьерлери жүктүн тоскоолдуксуз өтүшүнө байланыштуу маселени талкуулады


Акылбек Жапаров (оңдо) жана Алихан Смаилов (солдо).

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов жолугушуп, чек арадан жүктү тоскоолдуксуз өтүшүнө байланыштуу маселени талкуулашты.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, жолугушууда “Ак-Тилек” жана “Кара-Суу” өткөрүү пункттарынын аймагындагы Өнөр жай-логистикалык комплексин куруу долбоорун ишке ашыруу, Казакстанда дизелдик отунга болгон баанын көтөрүлүшү талкууланды.

Тараптар айыл чарба тармагында кызматташуу, ошондой эле кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу Кыргызстандын жүк ташуучу автоунааларынын тоскоолдуксуз өтүшүнө байланыштуу маселелерди сүйлөштү.

Мындан сырткары эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлүмү 2022-жылдын алты айында 568 млн. долларды түзгөнү айтылды. Бул өткөн жылдын ушул убагына салыштырганда 24% көп. Бул санды 2 млрд. долларга жеткирүү планы белгиленди.

Жапаров менен Смаилов кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынынын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар эки өлкө ортосундагы бир туугандык мамилелерди чыңдоо өңдүү динамиканын далили болгондугун белгилешкен.

Алихан Смаилов Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин отурумуна катышуу үчүн 25-августта Кыргызстанга келген.

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери чек арадагы текшерүүнү азайтууну макулдашкан. Бирок өткөрмө бекеттердеги абал өзгөрбөй, кезек күткөндөрдүн саны маал-маалы менен көбөйүп, автоунаалардын тыгыны пайда болуп келет.

Буга чейин кыргыз-казак өкмөт аралык кеңешинин 10-жыйынында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов менен чек арадагы тоскоолдуктар менен чектөөлөрдү алып салуу боюнча протоколго кол коюшкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG