Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:42

Сергей Гайдай: Луганскиде Орусиянын аскердик базасы жок кылынды


Донецк облусундагы украин аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
Донецк облусундагы украин аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай Украинанын куралдуу күчтөрү орус армиясы басып алган Луганскинин Кадиевка айылындагы Орусиянын аскердик базасын жок кылганын билдирди. Бул тууралуу ал Телеграм-каналына жазып, аны ырастай турган сүрөттөрдү салды.

Орусия бул маалымат боюнча комментарий бере элек. Согуш маалында көз карандысыз булактардан аны тактоо мүмкүн эмес.

Мунун алдында Сергей Гайдай Луганск облусунун оккупацияланган аймактарында согушту колдогон адамдар азайгандыктан Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) ишин жандантканын айткан. Ушул тапта Луганск облусу дээрлик толугу менен орус аскерлеринин карамагында.

Быйыл 24-февралда Орусия Украинага каршы согуш ачкан. Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны “демилитаризациялоо” жана “денацификациялоо”, ошондой эле өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” ("ДНР"), “Луганск Элдик Республикасы” ("ЛНР") деп атап алган жикчил түзүмдөрдүн тургундарын “геноцидден” бошотуу зарыл экенин жарыялаган. Бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG