Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:19

Мамкатчы Касмамбетов балдарга карата зомбулук токтобой жатканын айтып, элге кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулук токтобой жатканын өз кайрылуусунда 26-августта мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов билдирди. Ал алсыз балага кордук көрсөткөндөрдү эч аёосуз жазалоо керектигин, ошондой оор кылмыштарды жашырып-жапкандар, айрыкча укук тартибин коргоо органдарынын кызматкерлери кылмыш жообунан тышкары калбашы керек экенин белгиледи.

Мамкатчы келтирген маалыматка караганда, 2021-жылы өлкө аймагында 254 жаш кызды мажбурлап никеге тургузуу фактысы катталса, ал иштердин 84 пайызы кылмыш курамы жок деген негизде жабылып калган. Андан тышкары 118 бала сексуалдык мүнөздөгү зордукка кабылган, ур-токмокко алынган 264 балага коргонуу ордери берилген.

“Быйыл деле мындай кылмыштардын азайганы байкалбайт. Өткөн жарым жылдын жыйынтыгында балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктун 500 фактысы катталды, анын 55и сексуалдык мүнөздөгү кылмыш. Мындай оор кылмыштардын 80 пайызын тууганчылыгы бар адамдар жасаган. Алардын арасында ошол балдардын өз ата сөрөйлөрү да бар экен”, - деди Касмамбетов.

Мамкатчы билдиргендей, азыр 2022-2026-жылдары балдарды коргоо боюнча программанын долбоору иштелип чыкты. Анын негизги максаты – балдардын кызыкчылыгын коргоо жаатындагы укук-ченемдик базаны өркүндөтүү.

8-августта Кыргызстанда «Балдар жөнүндө» кодекс иштей баштады. Эми бала зордуктаган кылмышкерге карата “кылмыш мөөнөтү өтүп кетти” деген норма колдонулбайт. Мурда андайлар 11-15 жылга эркинен ажыратылса, азыр 15 жылдан тартып өмүрүнүн аягына чейин камалуу жазасына тартылат. (RK)

XS
SM
MD
LG