Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:17

БУУнун Запорожье АЭСи боюнча отуруму жыйынтыксыз аяктады


БУУ жыйыны. 2022-жылдын 1-августундагы архивдик сүрөт.
БУУ жыйыны. 2022-жылдын 1-августундагы архивдик сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу келишимди аткаруу боюнча конференциясы эч жыйынтыксыз аяктады. Жыйынтык документинин долбоорунда Орусия Украинанын Запорожье аймагындагы атомдук электр станциясын басып алганын сындаган, өзөктүк кырсык коркунучу жаралып турганы айтылган бүтүмдөр бар болгондуктан орус тарап ага кол коюудан баш тартты.

"Азыркы кезде негизги маселе боюнча бир пикирге келе албай турганыбызды көрүп жатам", – деди Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Игорь Вишневецкийдин сөзүнөн кийин конференциянын төрагасы Густаво Злаувинен.

Вишневецкий өз сөзүндө Орусия гана эмес, башка да көп өлкөлөр күн тартибиндеги маселе саясий өңүткө ээ деп эсептей турганын, андыктан жыйынтык документинин долбоорундагы бир катар суроолорго макул эмес экенин айткан.

Запорожье атомдук электр станциясы орус армиясы Украинага басып киргенден көп өтпөй, март айында Орусиянын карамагына өткөн. Аны Украинанын кызматкерлери иштетүүсүн улантууда. Европадагы эң ири атомдук электр станциясынын аймагы акыркы жумаларда бир нече жолу аткылоого кабылып, кырсык болот деген коркунуч жаралды.

26-августта Украинанын президенти Владимир Зеленский Запорожье АЭСиндеги азыркы кырдаал боюнча айтып, Орусия Украинаны жана Европа өлкөлөрүн радиациялык апаатка кептегенин айтып, Орусияны АЭСтен аскерлерин тезирээк чыгарып кетүүгө дагы бир жолу чакырган. (RK)

XS
SM
MD
LG