Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Чүйдө аскерлер бараткан машина жол кырсыгына учурады


Коргоо министрлиги.
Коргоо министрлиги.

Коргоо министрлиги аскер кызматкерлери кабылган жол кырсыгынын чоо-жайын иликтеп, кызматтык териштирүү жүргүзүп жатканын 28-августта “Азаттыкка” мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, 27-августта болжол менен саат 11:50 чамасында ичинде аскерлер отурган автоунаа “Ата-Бейит” тарыхый мемориалдык комплексинен чыгып, Бишкекти көздөй кетип баратканда жол боюндагы бакты сүзгөн. Окуя комплекстен 300-400 метр аралыкта болгон.

Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кырсыкка техникалык себеп болгонун билдирүүдө.

Жабыркагандар бар экени, аларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөнү айтылды, бирок так саны жана абалы тууралуу расмий маалымат бериле элек.

Интернетте тарап жаткан маалыматтарга караганда, кырсыкка кабылгандар Коргоо министрлигинин Аскердик институтунун курсанттары. Аларды «Ата-Бейитке» ант бердирүү үчүн алып барышкан. Тогуз адам Бишкектин жана Чүйдүн ооруканаларына жаткырылганы, калгандары аскердик госпиталда дарыгерлердин көзөмөлүндө жатканы, баарынын абалы канааттандырарлык экени кабарланууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG