Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

Казакстанда жол кырсыгына кабылган автобустагы төрт кыргызстандык ооруканада жатат


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт. Сүрөт Казакстандын Ички иштер министрлигине таандык.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт. Сүрөт Казакстандын Ички иштер министрлигине таандык.

Казакстанда жол кырсыгына кабылган автобуста баратып жабыркагандар арасындагы төрт кыргызстандык ооруканада экенин, алардын абалын дарыгерлер орточо оор деп баалап жатышканын 27-августта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Кырсык 27-августта Казакстандын Түркстан облусунун Түлкүбас районуна караштуу Шапак баба айылынын тушунда, “Батыш Кытай–Батыш Европа” деп аталган автожолдун 601-чакырымында эртең мененки саат 06:40та болгон.

Баштапкы расмий маалыматка караганда, айдоочу рулду башкара албай калгандыктан машина жолдон чыгып, жол боюндагы чоң арыкка кептелген.

Жабыркагандардын арасындагы 44, 37, 33 жана 25 жаштагы төрт кыргызстандык түрдүү жараат алганы, баары Түлкүбас районунун борбордук ооруканасына жаткырылганы кабарланды.

Казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттары автобус Өзбекстандан Кыргызстанды көздөй келатканын, жалпысынан 12 адам ооруканага жаткырылганын жазышты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG