Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:15

Орусия Украинанын бир нече аймагында чабуулдарын улантты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын аскерлери Украинанын аймагындагы чабуулдарын улантууда. 28-августка караган түнү Днепропетровск облусунда катуу аткылоо болгонун, Харьков, Николаевск облустарынын айрым айылдарында да адам өлүмүнө алып келген чабуулдар катталганын украин тарап билдирди.

Орусия оккупациялап алган Луганск облусунда орусиялыктар алты тараптан чабуул жасоого аракет кылышканы, Донецкиде да атышуу болгону, украин армиясы Херсондагу орус курал-жарак кампасын жок кылганы жана эки ири көпүрөгө чабуул койгону маалымдалды.

Запорожьедеги атомдук электр станциясы (АЭС)боюнча маселе дагы эле ачык бойдон турат. Аймактын Орусияга баш ийген администрациясы эгер украин тарап жана эл аралык уюмдар айтып жаткандай атомдук коркунуч жарала турган болсо элди эвакуация кылуунун планын иштеп чыгышканын билдирди.

Бул АЭС орус армиясы Украинага басып киргенден бир айдан кийин Орусиянын карамагына өткөн. Аны Украинанын кызматкерлери иштетүүсүн улантууда. Европадагы эң ири атомдук электр станциясынын аймагы акыркы жумаларда бир нече жолу аткылоого кабылып, кырсык болот деген коркунуч жаралды. Аткылоо үчүн Украина менен Орусия бирин бири айыптоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG