Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

Сербия менен Косово чек арадан өтүү документи боюнча мунасага келишти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сербия жана жарым-жартылай таанылган Косово республикасы бири-биринин аймагына кирүү же чыгуу үчүн жарандарынан талап кылынуучу документти жокко чыгарууну макулдашышты. “Азаттык” радиосунун косоволук кызматы 27-августта билдиргендей, жетишилген макулдашуу серб бийлиги 11 жыл дегенде косоволук паспорту барларга өлкөгө кирүүсү үчүн өзүнчө документ жазып берүүсүн токтотот дегенди туюндурат.

Ага чейин Косоводо сербдерге карата ушундай документ алуу талабы киргизилгенде аймакта кырдаал курчуп, косоволук сербдер менен полициянын кагылышуусу болгон. Быйыл июль айында Косовонун бийлиги автомашиналардын сербиялык номурларын таануудан баш тартып, Сербиянын ушундай эле чечимине каршы кадам жасаганда абал оорлоп кеткен. Бул маселе азыр да чечиле элек бойдон турат.

Макулдашуу тууралуу 27-августта Европанын башкы дипломаты Жозеп Боррель да кайрылуу жасап, бул документ Сербиянын да, Косовонун да кызыкчылыктарына жооп берерин айтты. Маселенин чечилишине АКШ колдоо көрсөткөнүн белгилеген дипломат адамдардын чек арадан тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо боюнча иштер дагы улана берерин белгиледи.

Мурдагы Югославиянын аймагындагы Косово согушу 1998-жылы башталган. Ал кезде Сербиянын курамында провинция болгон Косоводогу албандардын эгемен өлкө болуу аракети күч менен басылган. Катуу ырбаган согушка 1999-жылы НАТО аралашкан. Белград ушундан кийин гана Косоводогу согуштук аракеттерин токтоткон. Сербия мурдагы Косово провинциясына көзөмөлдү 1999-жылы биротоло жоготкон. Косово Сербиядан бөлүнгөнүн 2008-жылы бир тараптуу түрдө жарыялап, аны ушул күнгө чейин дүйнөнүн 110 мамлекети тааныды. Ал эми Сербия анын эгемендигин тааныбай, Конституцияга ылайык өзүнүн бир бөлүгү деп эсептейт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG