Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Ленин чокусунда эки альпинист каза болду


Ленин чокусу.
Ленин чокусу.

Альпинисттердин Ленин чокусунда каза болгону тууралуу маалыматты “Азаттыкка” Ош облустук милициясы ырастады. Маалыматка караганда, каза болгондордун бири орусиялык 38 жаштагы альпинист Георгий Веселовский болгон. Ал эми экинчи жаран 41 жаштагы кыргызстандык, Ысык-Көл облусунун тургуну Вячеслав Шейко. Кырсык 28-августта болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча алар сууктан же газдын исине ууланып каза болгону айтылууда. Аталган фактыны Чоң-Алай райондук милициясы каттоого алып, тергөө иштерин баштады. Альпинисттердин сөөгүн 6100 метр бийиктиктен түшүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Польшанын жараны, 50 жаштагы Петр Бернхард 2021-жылы июлда Ленин чокусунан түшүп келе жатып каза болгон. Ленин чокусунда 2019-жылы 5000 метр бийиктикте орусиялык альпинист каза болгон.

Чокунун бийиктиги 7134 метрди түзөт. (КЕ/AAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG