Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:59

Бишкекте эгемендик күнүн белгилөөгө 2 миллион сом сарпталат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 31 жылдыгын белгилөө иш-чараларын уюштурууга Бишкек 2 млн. сом каражат сарптайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады. Маалыматка караганда, бул каражат үн чыгаруучу аппараттын ижарасына, жасалгаларга, транспорт жана чыгармачыл топту жалдоого кетет. Мындан сырткары буга биодарааткана орнотуу дагы кирет.

Эгемендик майрамынын биринчи бөлүгү Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда өтөт. Ага президент Садыр Жапаров баш болгон өлкө жетекчилери катышып, театралдашкан оюн-зоок программасы көрсөтүлөт.

31-августта кечки саат 19:00дө Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында жергиликтүү ырчылардын катышуусунда майрамдык концерт уюштурулат. Мэрия быйыл фейерверк атылбай турганын билдирген.

Жогорку Кеңеш 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз ССРинен Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыялаган.

Майрамга байланыштуу жыл сайын Бишкек шаарында жана аймактарда иш-чаралар уюштурулат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG