Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:03

Зеленский Украинанын контрчабуулун ырастап, орус аскерлерин үйүнө кайтууга чакырды


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский түштүк облустарда оккупациялык күчтөрдү сүрүп чыгаруу үчүн контрчабуул башталганын ырастап, Орусиянын аскерлери аман калгысы келсе үйүнө кайтышы керектигин эскертти. Бул тууралуу ал соңку видео кайрылуусунда айтты.

Зеленский орус армиясы ээлеп турган жерлерди бошотуу мурдатан эле уланып келгенин, соңку суткада ал болгону жаңы секирик алганын билдирди.

“Ким биздин пландарыбызды билгиси келип жатат? Азыр силер эч кандай конкреттүү нерселерди уга албайсыңар. Анткени бул - согуш. Согушта ушундай болот. Бирок оккупанттар билиши керек, биз аларды чек арага чейин кууп чыгабыз. Эч качан өзгөрбөгөн чек арабызга чейин жеткиребиз. Оккупанттар аны жакшы билет. Эгер орус аскерлери мындан ары жашагысы келсе – качууга убакыт келди. Үйүңөгө баргыла. Эгер силер үйүңөргө, Орусияга кайтуудан коркуп жатсаңар, анда туткунга түшкүлө. Биз силерге Женева конвенцисына ылайык бардык коопсуздук кепилдик кылабыз. Эгер мени укпасаңар, анда биздин мекен коргоочулар сазайыңарды берет. Алар Украинага тийиштүү жердин баарын бошотушат”, – деди Владимир Зеленский.

Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын аскерлери ээлеп турган Херсон облусун кайтарып алуу үчүн өлкө түштүгүндө бир нече фронтто сүрүп чыгаруу жүрүштөрү башталганын 29-августта жар салган. Алар алгач HIMARS артиллериялык куралы менен аймактагы дээрлик бардык чоң көпүрөлөрдү талкалаганын, натыйжада Херсондогу орус күчтөрүнүн Крым менен байланышып толук үзүлгөнүн кабарлашкан.

Жергиликтүү Телеграм-каналдарда Херсондун атарабында тынымсыз аткылоолор башталганы тууралуу маалыматтар, сүрөт-видеолор чыкты. Соңку суткада украиндер алгач төрт конушту, кийин он чакты конушту бошотушканы маалымдалды.

Орусиянын Коргоо министрлиги украин күчтөрүнүн сүрүп чыгаруу аракеттери тууралуу комментарий бере элек. Аннексияланган Крымдын Москва дайындаган жетекчиси Сергей Аксенов Украинанын Херсон облусундагы контрчабуулдарын төгүндөп, түштүктө тескерисинче украин күчтөрү көбүрөөк жоготууларга учураганын айткан.

Орусия 24-февралда кол салгандан кийин Украинанын түштүк облустарынын бир топ бөлүгүн басып алган. Анын ичинде Херсон облусунун да көпчүлүк аймагын ээлеген. Украина акыркы апталарда Батыштан келген куралдарды колдонуу менен Орусиянын курал-жарак жабдуу линияларын иштен чыгарганын билдирип, жакын арада аларды сүрүп чыгаруу аракеттери башталарын убада кылып келген. (ErN)

XS
SM
MD
LG