Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:36

Президент чакан ГЭСтерди курууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын эгемендик күнүнө арналган салтанатта сүйлөгөн сөзүндө энергетика тармагына токтолду. Өлкө көз карандысыз болгондон бери алгачкы жолу энергетиктер өз күчү менен кыска убакта жаңы объектилерди ишке киргизип жатканын билдирди.

"Камбарата-1” ГЭСинин курулушунун башталышы – өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына жасалган чоң кадам. Быйыл чакан ГЭСтерди курууга да өзгөчө көңүл бурулууда. Бул аракеттер энергетиканын кубаттуулугун гана арттырбастан, аны экспорттоого да шарт түзөт. Келечекте Кыргызстан электроэнергияны импорттоочу өлкөдөн экспорттоочу өлкөгө айланат",-деди Жапаров.

Өткөн айда "Улуттук энергохолдинг" компаниясы энергетика тармагын реформалоонун алкагында бир катар компаниялар бириктирилгенин билдирген. Ага ылайык, бөлүштүрүүчү компаниялар "Кыргызстан Улуттук электр тармагы" (КУЭТ) акционердик коомуна бириктирилип, абоненттерди тейлеген бир мекеме түзүлгөн. Ошондой эле "Бишкекжылуулуктармактары" акционердик коому "Электр станциялары" компаниясына кошулган.

Былтыр ноябрда Коопсуздук кеңеши энергетика тармагындагы башкаруу системасын өзгөртүү чечимин кабыл алган.

Июль айындагы өкмөттүн жыйынында энергетика министри Доскул Бекмурзаев бул тармактагы жалпы каржылык тартыштык 15 милллиард сомдон ашканын маалымдаган.

Кыргызстан бир канча жылдан бери энергетика тармагын реформалоого аракет кылып келет.

XS
SM
MD
LG