Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:30

Михаил Горбачёв менен коштошуу зыйнаты 3-сентябрда болот


Михаил Горбачёв.
Михаил Горбачёв.

СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачёв менен коштошуу зыйнаты 3-сентябрда Москвада Кремлдин Колонналар залында болот. Бул тууралуу Михаил Горбачёв атындагы фонд кабарлады. Анын сөөгү Новодевичье көрүстөнүнө коюлат.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков президент Владимир Путиндин Михаил Горбачёв менен коштошуу зыйнатына келер-келбеси азырынча аныктала электигин билдирген. Буга чейин Путин Горбачёвдун үй-бүлөсүнө көңүл айтуу телеграммасын жиберген.

Михаил Горбачёв CCCРди жетектеп турганда “кансыз согуш” токтоп, Ооганстандан советтик аскерлер чыгарылган. Коммунисттик партия жетектөөчү жана багыттоочу ролунан баш тарткан.

Ал 1989-жылы Чыгыш Европада демократиячыл кыймылдардын нааразылыгы кулач жайган кезде митингчилерге каршы күч колдонуудан карманган. СССРдеги ачыктык жана реформаларга багытталган айкындык жана кайра куруу саясатынын демилгечиси болгон. 1990-жылы ага Нобелдин тынчтык сыйлыгы ыйгарылган.

Орусияда СССРдин кыйрашы үчүн Горбачёвду күнөөлөгөндөр да бар. Мурдагы советтик лидер өз маектеринде бир катар каталарды кетиргенин моюнуна алып, СССРде реформаларды бир канча убакыт мурда башташ керек болчу деген пикирин айткан.

Михаил Горбачёв 30-августта 91 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумду. Анын каза болгонуна байланыштуу дүйнөнүн бир катар лидерлери көрөгөчтүгүн белгилеп билдирүү кылышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG