Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

Таласта 90 миллион сомго УКМКнын аймактык бөлүмүнүн имараты курулат


Соңку эки жылдын ичинде Бишкекте жана бир катар аймактарда УКМКнын бөлүмдөрүнүн имараттары, кызматкерлерге үйлөр курулду.
Соңку эки жылдын ичинде Бишкекте жана бир катар аймактарда УКМКнын бөлүмдөрүнүн имараттары, кызматкерлерге үйлөр курулду.

Талас шаарында Улуттук коопсуздук комитетинин аймактык бөлүмүнүн имараты курулат. Буга байланыштуу мамлекеттик сатып алуулар порталына 90 миллион сомдук тендер жарыяланды. Анда имарат беш кабат болуп, бардык коммуникациялар курулушу керектиги белгиленген.

УКМКнын басма сөз кызматы "Азаттыкка" буга байланыштуу маалымат кийинчерек берилерин билдирди.

Соңку бир жылдын ичинде Бишкек шаарында жана бир катар аймактарда УКМКнын бөлүмдөрүнүн имараттары, кызматкерлерге үйлөр курулду. Атайын кызмат кайсы каражатка, кандай жагдайда курулуп жатканы, демөөрчүлөрү тууралуу маалымат бербей келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG