Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

"Кыргызалтындын" жетекчилиги алмашты  


“Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Жарасул Абдураимов жана анын орун басарлары Амантур Турсуниязов, Жеңиш Сейдалиев, Данияр Конокбаев кызматтан кетти. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты. Азырынча алардын кызматтан кеткенинин себеби айтыла элек.

«Кыргызалтындын» жаңы жетекчиси болуп 33 жаштагы Элдияр Калдарбеков дайындалды. Ал буга чейин «Кыргыз көмүр», «Кыргызалтын» ишканаларында иштеп кеткен. Мекеменин басма сөз кызматы жетекчилигинин алмашканы жөнүндө маалыматты тактап жатканын билдирди.

Жарасул Абдураимов мамлекеттик ишканага быйыл апрель айында жетекчи болуп дайындалган. “Кыргызалтын” - өлкөдөгү бир нече ири кендерде үлүшү бар мамлекеттик компания. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG