Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:48

Калдарбеков: Ишти “Кыргызалтындын” буга чейинки жумуштарын талдоодон баштайм


Элдияр Калдарбеков.
Элдияр Калдарбеков.

“Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын жаңы дайындалган төрагасы Элдияр Калдарбеков “Азаттык” радиосуна комментарий берип, жумушту алгач компаниянын буга чейинки иштерин талдоодон баштаарын билдирди.

“Биринчи кезекте таза иштейбиз. Алгач (ред: ишкананын) буга чейинки иштерин талдап чыгып, анан ишти алып барууну баштайбыз”, - деди ал.

Калдарбеков президенттин жакындары менен достугун четке кагып, буга чейин бул тармакта иштеп келгенин кошумчалады.

2-сентябрда "Кыргызалтындын" жаңы жетекчиси болуп 33 жаштагы Элдияр Калдарбеков дайындалды. Ал буга чейин "Кыргыз көмүр", "Кыргызалтын" ишканаларында иштеп кеткен.

“Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Жарасул Абдураимов жана анын орун басарлары Амантур Турсуниязов, Жеңиш Сейдалиев, Данияр Конокбаев кызматтан кетти. Азырынча алардын кызматтан кеткенинин себеби айтыла элек. Жарасул Абдураимов мамлекеттик ишканага быйыл апрель айында жетекчи болуп дайындалган. “Кыргызалтын” - өлкөдөгү бир нече ири кендерде үлүшү бар мамлекеттик компания. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG