Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:52

Казакстандын борборун кайра Астана деп өзгөртүү сунушу берилди


Нур-Султан шаары.
Нур-Султан шаары.

Мажилистин депутаттарынан түзүлгөн “Жаңы Казакстан” тобу 2-сентябрда билдирүү жасап, азыркы президент Касым-Жомарт Токаевди дагы жети жылга шайлап, Казакстандын борбору Нур-Султан шаарынын атын кайра Астана деп өзгөртүү сунушун беришти.

“Азыркы президент быйыл беш жылга президент болуп шайланып, кийин кайра дагы жети жылдык мөөнөткө барышы мүмкүн деген күмөн ойлор болбошу үчүн дароо жети жылга шайланса туура болот деп ойлойбуз. Ошондо юридикалык конфликт болбойт”, - деди “Жаңы Казакстан” тобунун мүчөсү Эдил Жаңбыршин.

Алар Токаев жети жылга шайланса, өлкөнүн коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт деп эсептешет.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 1-сентябрда парламентте элге кайрылуу кылып, быйыл күзүндө кезексиз президенттик шайлоо өтөрүн жарыялаган. Ал президентти жети жылга бир гана мөөнөткө шайлоо боюнча да сунуш берген. Бирок мыйзам долбоору күзүндө өтө турган шайлоодон кийин гана сунушталары белгилүү болгон.

Казакстандын борбору Астана шаары 2019-жылы өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымынан аталып Нур-Султан деп өзгөртүлгөн. Мындай сунушту Касым-Жомарт Токаев президенттик ишине киришип жатканда берген.

Июнь айында Казакстандын бийлиги Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөрүп, анда биринчи президент Нурсултан Назарбаевге байланыштуу бардык беренелер, анын ичинде катары менен эки мөөнөттөн ашык шайланууга болгон укугу алынган.

XS
SM
MD
LG