Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:58

Роза Отунбаева БУУнун Ооганстандагы миссиясын жетектейт


Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеваны Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Ооганстандагы миссиясынын башчысы кылып дайындады. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайтына жарыяланды.


Буга чейин бул кызматта Дебора Лайонс иштеп келген.

Отунбаеванын бул кызматка дайындалышын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазды.


Роза Отунбаева - Кыргызстандын экс-президенти. Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин 1975-жылы окуп бүткөн. Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу болуп иштеп эмгек чыйырын баштаган, 1986-89-жылдары Кыргыз СССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри болгон. 1989-жылы СССРдин Тышкы иштер министрлигине ишке чакырылып, ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы, андан кийин төрагасы болуп иштеген.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин 1992-жылы Роза Отунбаева Бишкекке кайтып, тышкы саясат боюнча вице-премьер-министр, Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы биринчи элчиси болгон. 1994-97-жылдары Кыргызстандын тышкы иштер министри, андан кийин Британияда элчи болгон.

2005-жылы Март революциясында оппозициянын алдында, экс-президент А.Акаев белгилегендей, оппозициянын локомотиви болгон. Парламент тышкы иштер министри кызматына өткөзбөй койгондон кийин социал-демократиялык партиянын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. 2009-жылы Бакиевге каршы көтөрүлгөн оппозициялык күчтөрдүн башында туруп, 7-апрелде президент качып кеткенден кийин Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүн жетектеген. Бир жыл өлкөнү башкарып, 2011-жылы Баш мыйзамга ылайык президенттикти бошотуп берген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG