Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:33

Өкмөт көмүрдүн баасы катуу көзөмөлдөнө турганын билдирди


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев экономиканын тармактарын жана калкты күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү.

Анда өлкөнүн суу-энергетикалык балансынын абалы, Бишкек шаардык ЖЭБ камсыздоо, бюджеттик мекемелерди жана калкты көмүр менен камсыз кылуу, энергетикалык объектилердин жылытуу мезгилине даярдыгы боюнча маселелер каралды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жыйында мамлекеттик органдарга 1-октябрга чейин бюджеттик мекемелерди көмүр менен жетиштүү көлөмдө камсыздоо тапшырмасы берилди.

"Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы отун базаларында жана көмүр сатуучу жайларда көмүрдүн баасынын өсүшүнө жол бербөө боюнча көзөмөлдү күчөтүүсү зарыл”, - деди Төрөбаев.

Кыргызстанда суук түшөрү менен энергетикалык каатчылык сезиле баштайт. 2021-жылы октябрь айында Министрлер кабинети үч айга көмүрдүн наркына мамлекеттик жөнгө салууну киргизген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG