Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:37

Казакстанда үй-бүлөдө зомбулук көрсөткөндөрдү коомдук иштерге тартуу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда экинчи жолу үй-бүлөлүк зомбулукка баргандардын камак мөөнөтү 20-25 күнгө узартылат. Андан сырткары үй-бүлөдө зулумдук кылгандарга эскертүү берүүнүн ордуна көчө шыпырууга, жолдорду оңдоого, аймактарды көрктөндүрүү иштерине тартылат. Бул тууралуу казак өкмөтүнүн 3-сентябрдагы жыйынында ички иштер министри Марат Ахметжанов билдирди. Министр бул өзгөртүүлөрдү "үй-бүлөлүк зомбулук кылмышы үчүн жазаны күчөтүү" деп атады.

"Бул административдик укук бузуу үчүн кеминде беш суткага, ал эми экинчи жолу кайталанса, 20-25 суткага эркинен ажыратууну пландаштырып жатабыз. Мындан тышкары үй-бүлөлүк зомбулук боюнча арыз берүү формасынан аныктоо формасына өтөбүз", - деди министр өкмөт жыйынында.

Ахметжанов үй-бүлөдө зордук-зомбулук жасагандарды коомдук иштерге тартуу "тартип бузгандарды өз жүрүм-турумун көзөмөлдөөгө негиз болот" деп эсептейт.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 1-сентябрдагы элге кайрылуусунда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандарга карата жазаны күчөтүүнү тапшырган. Кайрылууда Токаев үй-бүлөдөгү зомбулукту аныктоо кыйын болгондуктан, бийлик бул аракетти кылмыш деп таануудан күмөн санап жатканын билдирген.

БУУнун маалыматына караганда, Казакстанда жыл сайын 400дөй аял күйөөсүнүн же өнөктөшүнүн ур-токмогунан көз жумат. Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму бул өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулук маселеси чоң көйгөй бойдон келатканын, полиция буга байланыштуу арыздарды дайыма эле каттай бербей турганын бир нече жолу билдирген.

XS
SM
MD
LG