Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Москва СССРдин акыркы президенти Горбачев менен коштошууда


Михаил Горбачевду акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Москва, 3-сентябрь, 2022-жыл.
Михаил Горбачевду акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Москва, 3-сентябрь, 2022-жыл.

Кремлдин Колонналар залында СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачёв менен коштошуу зыйнаты өтүп жатат. Ага Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат катышты. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Гүлнара-Клара Самат Михаил Горбачевдун тажыясында. Москва, 3-сентябрь 2022
Гүлнара-Клара Самат Михаил Горбачевдун тажыясында. Москва, 3-сентябрь 2022

Горбачев 30-августта 91 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумган. Аны менен коштошуп, гүл коюу үчүн келгендердин кезеги узарып, Чоң театрдан тартып каз-катар тизилишкен. Маркумдун тажыясына Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев, ырчы Алла Пугачева катышканын Интерфакс агенттиги кабарлады.

Орусиянын президенти Владимир Путин Михаил Горбачев менен 1-сентябрда өлүкканада коштошкон. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков президент буга чейин пландалган ишине байланыштуу Калининградга бара тургандыктан акыркы сапарга узатуу зыйнатына катыша албай турганын билдирген.

Батыш өлкөлөрү Михаил Горбачевдун тажиясына өкмөт өкүлдөрүн жөнөтпөй турганы, ага элчилер жана башка дипломаттар катышары буга чейин айтылган. АКШнын Мамлекеттик департаменти жума күнү Горбачев менен коштошуу үчүн Москвадагы элчи Жон Салливан бара турганын билдирген.

Европа өлкөлөрүнүн ичинен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанлын катышуусу күтүлүп жатканын "Франс-Пресс" агеттиги жазды.

Михаил Горбачевдун сөөгү Новодевичье көрүстөнүнө коюлат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG