Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:52

Эркиндик үчүн күрөшкөндөргө Бабырбек Жээнбеков атындагы сыйлык тапшырылды


Бабырбек Жээнбеков атындагы сыйлыкты тапшыруу учуру. 3-сентябрь, 2022. Бишкек
Бабырбек Жээнбеков атындагы сыйлыкты тапшыруу учуру. 3-сентябрь, 2022. Бишкек

Бишкекте 3-сентябрда журналист, мурдагы аткаминер Бабырбек Жээнбековду эскерүү иш-чарасы өтүп, анда эркиндик үчүн күрөшкөн жарандык активисттерге жана журналисттерге сыйлык тапшырылды. Бабырбек Жээнбеков атындагы сөз эркиндигин колдоо фонду уюштурган алгачкы сыйлык төрт кишиге - журналист Болот Темиров, блогер жана жарандык активисттер Адилет Балтабай менен Ырыс Жекшеналиевге, Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевге берилди. Алардын үчөө абакта болгонуна байланыштуу сыйлыктар жакындарына тапшырылды.

"Бабырбек Жээнбеков атындагы сыйлык мындан ары Кыргызстандагы эркиндик үчүн, адам укугу, сөз эркиндиги үчүн күрөшкөн бардык жарандарга берилет. Бул адилеттүү, калыс сыйлык болот. Эркиндикке салым кошкон журналист болобу, жарандык активист болобу, саясатчы болобу жылына бир жолу ушул сыйлык берилет", - деди Бабырбек Жээнбековдун уулу саясатчы Равшан Жээнбеков.

Юрист жана журналист Бабырбек Жээнбеков көз карандысыз, оппозициялык маанайдагы “Алиби”, “Ачык саясат”, “Назар” гезиттерин негиздеген. Ал 2013-жылы кыргыз өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жана атаандаштыкты тескөө боюнча агенттикти жетектеген. Журналист 2019-жылы 22-мартта 68 жашында узакка созулган оорудан каза болгон. Анын атындагы фонд түзүлө турганы 2021-жылы маркумду эскерүү кечесинде айтылган.

Жарандык активист Адилет Балтабай 30-июнда кармалып, Бишкектеги Биринчи май райондук соту бир айга камоо тууралуу өкүм чыгарган. Адилет Балтабай буга чейин "Азаттыкка" комментарий берип, ага эки берене ""бийликке баш ийбөө" жана "жарандарга зордук-зомбулук көрсөттү") менен айып коюлуп жатканын, өзү күнөөлүү эмес экенин айткан. Ал болгону Фейсбукта өз пикирин гана айтып келгенин белгилеген.

Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору, 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон. Ал жана анын адвокаты иш саясий өңүттө козголгонун айтып, сын-пикир үчүн камакта отурганын билдирип келишет.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон. Анын алдында журналисттин Ютубдагы Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин аты аталган.

Ташиев коррупция тууралуу дооматтарды четке каккан.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) март айында аталган телеканалга каршы "улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен иш козгоп, директору Таалайбек Дүйшөмбиевди камакка алган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG