Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:52

ТИМ: Кытайга баруу үчүн "Жашыл ден соолук QR кодун" алыш керек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кытайга бара турган кыргызстандыктарга кайрылды.

Ага ылайык, Кытайга (үчүнчү өлкө же аймак аркылуу түз же транзиттик каттамдар менен) бара жаткан Кыргызстандын бардык жарандары учардын алдында элчиликтин сайты аркылуу “Жашыл ден соолук QR кодун” алыш керек. Бул үчүн КЭРдин элчилиги расмий сайтында жарыялаган бардык талаптарды аткарышы зарыл.

"Мындан тышкары, үчүнчү өлкө аркылуу Кытайга транзит менен бара жаткан бардык жүргүнчүлөр Кытайга учардын алдында транзиттик өлкөдө тиешелүү процедураларды кайталап, ал өлкөдөгү Кытайдын дипломатиялык/консулдук өкүлчүлүктөрүнөн жаңы “Жашыл ден соолук QR кодун” алууга тийиш. Жарандар бул багыттагы акыркы өзгөрүүлөр тууралуу маалыматты алдын ала билүүсү зарыл", - деп жазылган ТИМдин маалыматында.

Кытайга баруу алдында мобилдик телефон аркылуу “Жашыл ден соолук QR кодунун” электрондук версиясын авиакомпаниянын өкүлдөрүнө текшерүү үчүн көрсөтүш керек. Ал жок болсо Кытай бийлигинин талаптарына ылайык, авиакомпаниялар жүргүнчүлөрдү рейске отургузууга уруксат бербейт. Бул тиркемелер Кытайда WeChat же Alipay аркылуу ачылат.

Акыркы маалыматтар боюнча, кээ бир авиакомпаниялар Кытайга учардын алдында жүргүнчүлөрдү ПЦР-тесттердин тапшыруусу менен мейманканада жамааттык карантинден өтүүнү талап кылышат.

Кытайга баргандан кийин КЭР бийликтери кабыл алган акыркы карантиндик эрежелерге ылайык, бардык жүргүнчүлөр өз каражаттарынын эсебинен төмөнкү формула боюнча обсервациядан өтүшү керек: жети күн (мейманканада) + үч күн (үйдө карантиндик байкоо). Ошол эле учурда, эгерде жүргүнчү Кытайга келген шаарда үй карантининен өтүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда ал мейманканада 10 күн обсервацияда болот (эскертүү: Кытайдын аймагына жана эпидемиологиялык абалга жараша) мейманканада жамааттык карантиндин мөөнөтү жогоруда көрсөтүлгөн 7+3 күндөн да ашык болушу мүмкүн).

COVID-19 инфекциясы жуктуруу коркунучу бар аймакка баргандар белгилүү бир убакытка өз эсебинен обсервациядан өтүүгө талап кылынат.

Буга чейин Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги бул өлкөгө барып окуй турган кыргызстандык студенттердин виза алуусуна жеңилдетилген шарт түзүп жатканы кабарланган. Бул тууралуу элчи Ду Дэвэн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен жолугушууда айткан.

Өкмөттүн басма сөз кызматы 26-августта маалымдагандай, элчи кытай тарап кайрадан Кыргызстандан студенттерди кабыл ала баштаганын, 25-августтан 30-сентябрга чейин элчиликте алардын виза алуусу үчүн "жашыл коридор" ачылып жатканын билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG