Батыш өлкөлөрү Михаил Горбачевду акыркы сапарга узатуу зыйнатына өкмөт өкүлдөрүн жөнөтпөйт. Ага элчилер жана башка дипломаттар катышат.
"Немис толкуну" белгилегендей, СССРдин мурдагы президентин 3-сентябрда өтө турган тажыясына бир дагы европалык лидер катышпайт. АКШнын Мамлекеттик департаменти жума күнү Горбачев менен коштошуу зыйнатына Москвадагы элчи Жон Салливан катыша турганын билдирген.
Орусия 2022-жылдын февраль айында Украинага басып киргенден кийин Батыш өлкөлөрү менен Орусиянын ортосундагы аба каттамдары токтотулуп, тараптар көптөгөн жогорку даражалуу саясатчыларга жеке санкцияларды киргизген. Орусия акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга Батыш лидерлерине расмий чакыруу жөнөткөн жок.
Орусиянын президенти Владимир Путин СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачёв менен 1-сентябрда өлүкканада коштошкон. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин буга чейин пландалган ишине байланыштуу Калининградга учуп кеткендиктен акыркы сапарга узатуу зыйнатына катыша албай турганын билдирген.
Михаил Горбачёв менен коштошуу зыйнаты 3-сентябрда Москвада Кремлдин Колонналар залында болот жана сөөгү Новодевичье көрүстөнүнө коюлат.
Михаил Горбачёв 30-августта 91 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумду. Анын каза болгонуна байланыштуу дүйнөнүн бир катар лидерлери көрөгөчтүгүн белгилеп билдирүү кылышты.