Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

Европа Биримдигинин Орусиядагы элчиси кызматтан кетти

Маркус Эдерер.
Маркус Эдерер.

Европа Биримдигинин Орусиядагы элчиси Маркус Эдерер 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып кызматтан кетти.

Бул тууралуу ал 2-сентябрда RTVI телеканалына курган маегинде билдирди. Эдерер кызматтан кеткен себебин ачык айткан эмес. "Мен кызматымды көңүлүм тынч абалда таштап кетип жатам. Колумдан келгенди жасадым деп ойлойм", - деген ал.

Маркус Эдерер Европа Биримдигинин Орусиядагы элчиси болуп дээрлик беш жыл иштеди. Өз ишин жыйынтыктап жатып ал студенттерди алмашуу жана климаттын өзгөрүүсү боюнча Орусияны коомчулукка кошуу аракеттерин белгиледи. "Майда-барат ийгиликтерди" кыйытып айтып, бирок коркунуч туудуруп албоо максатында аларга кеңири токтолбоду.

Эдерер Орусиядагы жарандык коомго Европанын колдоосу керектигин белгиледи.

Евробиримдиктин Орусиядагы элчиси Эдерердин ордуна ким келери азырынча белгисиз.

​
XS
SM
MD
LG