Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү кармалды


УКМК имараты.
УКМК имараты.

“Бишкек машина куруу заводу” ишканасына таандык жер тилкелеринин сатылып кетишине байланыштуу Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү кармалганын бүгүн 6-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин басма сөз борборунун кызматкери Күмүшбек Шабдановдун айтымында, тергөөчү прокуратура органдарындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш алкагында кармалды:

“Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарында Аскер прокуратурасы менен биргеликте Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү С.Н.М. кармалды. Ал Сокулук районунун аймагында жайгашкан «Бишкек машина куруу заводу» ачык акционердик коомуна таандык жалпы аянты 62 гектар жер тилкелерин жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатууну уюштурганы аныкталган”.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) негизинде козголуп, ыкчам тергөө иштерин жүргүзүү үчүн шектүү УКМКнын Тергөө абагына отургузулду.

Буга чейин “БМЗ” заводунун ошол жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүүгө байланыштуу коррупция фактысы боюнча Башкы прокуратуранын башкармалыгынын улук прокурору жана ишкананын мурдагы кызматкерлеринин бири кармалганы маалымдалган.

"Бишкек машина куруу заводу" (мурдагы В.И. Ленин атындагы завод) буюртманын негизинде түрдүү тетиктерди жана металл конструкцияларды өндүрөт. Советтер Союзу учурунда ал өлкөдөгү ири ишканалардын бири болчу.

Башкы прокуратура УКМКнын бүгүнкү маалыматы боюнча комментарий бере элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG