Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:18

Зулкайнар Шайбек уулу Жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медал утту


Зулкайнар Шайбек уулу.
Зулкайнар Шайбек уулу.

Кыргызстандык спортчу Зулкайнар Шайбек уулу АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн Бразилиялык жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" спортчу өзү билдирди.

Мелдеш 2-3-сентябрь күндөрү өтүп, Зулкайнар Шайбек уулу 30 жаштан 35 жашка чейинки чеберлер арасында (masters 1) көк кур категориясында 64 килограмм салмакта күч сынашты. Ал алгач үч атаандашын утуп, финалда Вьетнамдан келген спортчу Жонни Хай Нгуенге жеңилип (2:4), күмүш медал тагынды.

Бразилиялык жиу-житсу боюнча 2022-жылдагы дүйнө чемпионаты бир нече жаш курактагылардын арасында 1-сентябрдан 3-сентябрга чейин өтүп, ага АКШнын аймагынан жана бир канча мамлекеттен беш миңге жакын спортчу катышты.

Зулкайнар Шайбек уулу күч сынашкан чеберлер арасындагы таймаштар (masters) 30-60 жаштагылар арасында (30-35, 35-40, 40-45, 45-50, 50-55, 55-60, 60тан жогорку), көк, кызгылт-көк, күрөң жана кара кур категорияларында өттү. Байгелер эркектер жана кыз-келиндер арасында 10дон салмак боюнча ойнотулду.

Чемпионатты Эл аралык бразилиялык жиу-житсу федерациясы уюштурду.

Зулкайнар Шайбек уулу ушул жылдын март айында Даллас шаарында өткөн IBJJF Dallas Open эл аралык мелдешинде спорттун ушул түрүнөн 68 килограммга чейинки салмакта No-Gi категориясында алтын, Gi категориясында күмүш медал алган. Апрель айында РAN American championship эл аралык мелдешинде күмүш медал уткан.

30 жаштагы спортчу Зулкайнар Шайбек уулу көп жылдан бери АКШда жашап, машыгып, Кыргызстандын атынан мелдештерге катышып жүрөт. Ал жиу-житсу боюнча Калифорния штатынын эки жолку чемпиону. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG