Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:35

Аба ырайы: Чүй, Нарын аймактарында өткүн өтөт


7-сентябрда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 28…33;

Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 27…32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 26…31;

Бийик тоолордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14 градуска чейин жогорулайт.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 30…32 градуска жетет.

Чолпон-Атада жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 25…27° болот.

XS
SM
MD
LG