Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:06

Мээрбек Мискенбаев блогер Жекшеналиевдин иши боюнча сурак берди


Мээрбек Мискенбаев.
Мээрбек Мискенбаев.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев камакта отурган блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча Ички иштер министрлигине суракка барганын "Азаттыкка" билдирди.

Ал бир нече жылдан бери Жекшеналиев менен тааныш экенин, сурак учурунда блогердин иши тууралуу суроолор берилгенин айтты.

"Мен сотко келгенден кийин ИИМдин өкүлдөрү келип, мага чакыруу кагазын беришип, Башкы тергөө башкармалыгына алып барышты. Ырыскелди Жекшеналиев тууралуу сурашты, анткени мен аны бир нече жылдан бери билем. Менимче, укук коргоо органдары аны камакта калтырбашы керек, бул мыйзамсыз. Калганын ачыкка чыгарбоо келишиминен улам айта албайм", - деди Мискенбаев.

ИИМ анын суракка чакырылганын ырастап, бирок кайсы ишке байланыштуу экенин тактаган жок.

Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору, 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган.

Буга Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Блогер жана анын адвокаты иш саясий өңүттө козголгонун айтып, сын-пикир үчүн камакта отурганын билдирип келишет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG