Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:53

Албания Иран менен дипломатиялык мамилесин үздү


Ирандын Албаниядагы элчилиги. 7-сентябрь, 2022-жыл.
Ирандын Албаниядагы элчилиги. 7-сентябрь, 2022-жыл.

Албания Иран менен дипломатиялык мамилесин үзүп, бардык ирандык дипломаттарга өлкөдөн чыгып кетүүгө буйрук берди. Буга июль айында болгон киберчабуулду иликтөө аяктап, Ирандын “мамлекеттик агрессиясы” деген жыйынтык чыкканы себеп болду.

Бул тууралуу 7-сентябрда Албаниянын премьер-министри Эди Рама жарыялап, Ирандын Тиранадагы (Албаниянын борбору) элчилигиндеги дипломатиялык корпустун баарын 24 сааттын ичинде Албаниядан чыгып кетүүгө чакырды.

“Өкмөт Иран Ислам Республикасы менен дипломатиялык мамилелерди токтотуу чечимин кабыл алды”, - деп айтылат Эди Раманын өзүнүн расмий сайтына жарыяланган кайрылууда.

Албаниянын премьер-министри расмий Тирана чечимди Ирандын элчилигине жиберген дипломатиялык нотасында кошо бергенин айтты. Иран бул дооматтарга жооп бере элек.

Маалыматка караганда, 15-июлда Албаниянын мамлекеттик кызматтарына киберчабуул болгон. Тирана Иран бул үчүн ар кандай топторду жалдап, мамлекеттик маалыматтарды уурдоого аракет кылган деп айыптады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG