Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Өзбекстан менен Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт


Кыргызстандын Казакстандагы маданият күндөрү. 7-октябрь, 2021-жыл.
Кыргызстандын Казакстандагы маданият күндөрү. 7-октябрь, 2021-жыл.

Быйыл октябрь айында Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин өкүлү Роза Карибжанова менен 10-сентябрда жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты жана жакында өтө турган иш-чараны талкуулашты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуу Нур-Султан шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин Маданий кызматташтык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулду. Казак тарап Кыргызстандын маданият ишмерлерин эл аралык “Алем саз” каада-салт фестивалына катышууга чакырды.

Ошондой эле быйыл ноябрда Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Чыңгыз Эсенгул уулу Нур-Султанда Өзбекстандын маданият министри Муроджон Мажидов менен жолугушуп, иш-чара тууралуу пикир алмашты. Тараптар археология, музей иши, эстеликтерди реставрациялоо боюнча да сүйлөшкөн.

Ал ушул эле иш-чаранын алкагында Тажикстандын маданият министринин орун басары Шарифзода Манучехр Муртазо менен дагы жолугушуп, тажрыйба алмашуу, кызматташтыкты талкуулаган.

Тажик тарап опера жана балет театрынын артисттеринин ортосунда тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирип, Айни атындагы театрга Кыргызстандын театр өкүлдөрүн жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштаган. Тажик министри КМШ жаштарынын Дельфи оюндарын Дүйшөмбү шаарында өткөрүү пландалып жатканын айтып, кыргыз тарапты ага активдүү катышууга чакырган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG