Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:38

Кыргызстанда качкын макамы жок 800дөй чет өлкөлүк жашайт


Бишкектеги АКШ элчилигинин алдына акцияга чыккан ооган качкындары. 18.08.2021
Бишкектеги АКШ элчилигинин алдына акцияга чыккан ооган качкындары. 18.08.2021

Кыргызстанда 794 качкын макамын ала элек чет өлкөдөн келген жаран бар. Алардын 467си Ооганстандан келген. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев парламенттеги тармактык комитет жыйынында билдирди.

Базарбаев качкын макамын алган жарандардын так саны канча экенин айткан жок.

Бишкекте 10-августта ондон ашык ооган качкыны Горький атындагы гүлбакта нааразылык акциясына чыгып, аларды АКШ же Канадага жөнөтүүнү талап кылышкан. Алар Кыргызстанда узак убакыттан бери жашап жатканына карабай башпаанек ала албай жатканын билдиришкен.

Мындан туура бир жыл мурда Кыргызстанда бир канча жылдан бери жашап келген ооганстандык жарандар БУУнун Бишкектеги кеңсесинин жана АКШ элчилигинин алдына пикетке чыккан. Анда дагы 20 жылдан бери башпаанек ала албай жүрүшкөнүнө даттанып, кыргыз бийлигинен "качкын" макамын берүүнү же АКШ, Канада сыяктуу башка өлкөгө жиберүүнү талап кылышкан.

Акцияга чыккандар Кыргызстанда 400дөн ашык ооган жараны "качкын" макамын ала албай жүргөнүн айтышкан.

Буга чейин расмий расмий бийлик өкүлдөрү Ооганстандын 73 жаранына "качкын" макамы берилгенин, дагы 67 ооганстандыктын башпаанек сураган өтүнүчү каралып жатканын билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG