Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:06

Депутат ИИМдин Орусиядагы өкүлүнүн отчетун талап кылды


Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин имараты.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин имараты.

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров тармактык комитеттин 12-сентябрдагы жыйынында Орусиянын абактарында 16-17 жаштагы кыздар дагы бар экенин айтып, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Москвадагы төрт кызматкерин сындады.

Эл өкүлү ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн ишине нааразы болгон мигранттар көп экенин билдирип, алардын иши жөнүндө отчет берүүнү талап кылды.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев төрт штаттык кызмат бардык мигранттардын арыздарын колдон келишинче кароого аракет кылып жатканын айтып, алар “мыйзамсыз иштерге аралашпайт” деп жооп берди.

Жыйында бир нече депутат министрдин орун басарын Орусияда курьер кызматында иштеп жүрүп баңгизат ташуу менен соттолгон кыргызстандыктар көп болуп жатканына көңүл бурууга чакырды.

Расмий маалымат боюнча, азыр миллиондон ашык кыргызстандык Орусияда иштейт. Ар кандай кылмыштар менен соттолгон 1453 киши Орусиянын абактарында жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG