Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:08

Коргоо министринин жоокерлердин өлүмү жөнүндө маалыматы сынга кабылды


Коргоо министри Бактыбек Бекболотов.
Коргоо министри Бактыбек Бекболотов.

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов аскер өтөп жүрүп каза тапкан Сыргак Сабырбеков жана Элдияр Жайлообековдун өлүмү боюнча парламенттин тармактык комитетинин биргелешкен жыйынында маалымат берди. Бекболотов аскерде чоңсунуу (дедовщина) жок экенин айтып, эки жоокердин өлүмүн турмуштук көйгөйлөрү менен байланыштырды.

“Экинчи учурду айтсак, кат калтырып кетет. Анда "кичинекей кезимде атам менен энем ажырашып кеткен, атам зөөкүр киши болгон" дейт. Экинчи катында “прапорщик баланчаев акча талап кылган” деп шашып жазган. Бул жерде эмне болгон? Нөөмөттө ал жоокер отурган болот. Ошол жерден прапорщик эскертүү кылат. “Баарынан тажап кеттим, кааласаңар камап салгыла” деп куралы менен нөөмөттөн кетип калган. Кечки сегизден онго чейин анын аркасынан издешет”.

Бекболотов аскер камыштын арасына кирип өзүн-өзү атып салганын айтты. Коргоо министри аскер бөлүктөрүндө эреже бузулганын, учурда органдар териштирүү жүргүзүп жатканын белгиледи.

Анын аскерде жоокерлердин өлүмү буга чейин дагы болуп келгенин, ага балдардын кызматка даяр эместиги жана социалдык маселелер себеп дегени айрым депутаттардын сынына кабылды. Депутат Эмил Токтошев алардын ата-энелери башка маалымат айтып жатканын, кесиптеши Руслан Жакышев ар бир жоокерге министр жоопкер экенин айтты.

“Бул жерде баланын сөзүн айтып жатасыз. Ал генералдын сөзү эмес. Армиядагы ар бир баланын чыпалагы сынып калса сиз жооп беришиңиз керек. Бирөөнүн чырактай уулу өлүп жатат”, - деди Жакышев.

Жакышев балдар армияга даяр эмес келип, жоокер болуп чыгышы керек экенин кошумчалады.

Кыргызстанда жай айында Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүктөрүнөн эле эки жоокер каза тапты. Жалпы жыл башынан бери төрт жоокер каза болду.

Аскер институтунун алдындагы бөлүктө кызмат өтөп жүргөн Сыргак Сабырбеков 18-августта кечинде октон каза болгон. Анын бир тууганы "Азаттыкка" билдиргендей, ок чекесине тийген. Сабырбеков былтыр күзүндө Каракол шаардык аскер комиссариаты аркылуу армияга чакырылган.

4-июлда Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүнүн жоокери, 22 жаштагы Элдияр Жайлообеков күзөттө турган жеринде эки жолу атылган октон каза болгон.

Буга чейин коргоо министри Бактыбек Бекболотов "Азаттыкка" учкай комментарий берип, соңку окуяларды "балдардын аскерге даяр эместиги" менен түшүндүргөн жана анын мындай билдирүүсү аскер башчылардын жоопкерчилиги тууралуу талкуу жараткан. Президент Садыр Жапаров "жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн" Бактыбек Бекболотовго катуу сөгүш берген.

Өткөн айда Акыйкатчы институту атайын жумушчу топ түзүп, соңку беш жыл ичиндеги жоокерлердин өлүмүн, армиядагы зордук-зомбулукту иликтеп жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG