Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:44

Бекназаров баласынын суракка алынышын саясий ишмердүүлүгүнө байланыштырды


Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси, саясатчы Азимбек Бекназаров баласы Русландын эскстремизмге шектелип, сурак берип жатышын өзүнүн оппозициялык ишмердүүлүгү менен байланыштырды. Ал “Азаттык” радиосуна комментарий берип жатып, баласынын күнөөсү жок экенин айтты.

“Менин үй-бүлөм мындан оор күндөргө чыдаган. Русланды динге байланыштуу камап, кудайга дагы күнөөкөр болушту”, - деди Бекназаров.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан экстремизмге байланыштуу милицияга суракка чакырылганын 14-сентябрда маалымдаган. Милиция мониторинг жүргүзүү учурунда Фейсбукта "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик-террористтик уюмунун идеологиясына үндөгөн материалдарды жайгаштырып, таратып жаткан аккаунт аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин "экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" беренеси менен кылмыш иши козголгонун кабарлады. Руслан Бекназаров ушул кылмыш иштин алкагында сурак берип жатат.

ИИМ сурак аяктап, аяктабаганын тактай элек.

Руслан Бекназаров Бишкектеги Свердлов районунун акиминин орун басары болуп иштеп жаткан жана бул кызматка ушул жылдын июнь айында дайындалган. Ал 2019-2020-жылдары президенттин аппаратында иштеген. Ага чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болгон.

Соңку парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмеси менен катышкан.

Азимбек Бекназаров өткөн аптада Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан бошотулушуна Кумтөргө байланыштуу маеги себеп болгонун билдирген. Иштен алынганы үчүн өлкө жетекчилигине таарынычы жок экенин, алгач элчилик ишине сын айтылган оозеки аныктама аны жумуштан алуу тууралуу расмий жарлыкта көрсөтүлбөгөнүн белгилеген.

Президент Садыр Жапаров Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулганы тууралуу жарлыкка кол койгону 5-августта жарыяланган. Президенттин басма сөз кызматы "мындай чечим Азимбек Бекназаровдун алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгына байланыштуу кабыл алынды" деп маалымдаган.

Жогорку Кеңештин депутаты, башкы прокурор, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттө вице-премьер-министр кызматтарын аркалап келген Бекназаров Малайзияга элчи болуп 2019-жылдын декабрында дайындалган.

Быйыл 3-августта анын кыргыз өкмөтү Кумтөр кени боюнча жаңы келишимде утулганы тууралуу пикирин билдирген маеги жарыяланган. Анда ал Кыргызстан канадалык "Центерра Голд" компаниясына коррупциялык схемалардан улам күнөө кое албаганын, экологиялык доодон баш тартканын "утулуу" катары сыпаттаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG