Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:49

Кыргыз-тажик чек арасы: тургундар коопсуз жайга чыгарылууда


Тажикстан менен чек арадагы Ак-Арык айылы. 16-сентябрь, 2022-жыл
Тажикстан менен чек арадагы Ак-Арык айылы. 16-сентябрь, 2022-жыл

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка ылайык Баткен облусунун аймагында бир нече убактылуу жайгаштыруу пункттары (ПВР) ачылып, калкты кооптуу аймактардан эвакуациялоо уюштурууда.

Мындан сырткары жергиликтүү тургундар өздөрүнүн автоунаалары менен коопсуз аймактарга чыгып жатат. Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр айылдарынан жарандар Рават айылына эвакуацияланды. Ал эми Баткен шаарында ачылган убактылуу жайгаштыруу пунктарына келген жарандар да бар.

Саат 10:30га карата: Лейлек району боюнча: Жаңы-Жер а/а Арка, Достук, Борбордук, Жаштык айылдарынын 70-80 пайыз элдери өз алдынча чыгып кеткен. Учурда жеринде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Уларбек Шамыркановдун жетекчилигинде министрликтин кызматкерлери жана техникалары тартылып, жарандарга тийиштүү жардамдар көрсөтүүлүдө. Ошондой эле министрликтен жардамга кошумча күч катары өздүк курам жана техникалар жөнөтүлдү.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген. Анда атайын билдирүү таратып, "тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды", - деп айыптаган. Анда "Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча атышуу уланып жатканын" белгилеген.

Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат 4төн тартып "Дүйшөмбү" чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын жазды. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG