Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:35

Ак үйдүн алдына Баткенге жардам берүүнү талап кылгандар чогулду


Чогулгандар Баткенге чукул арада аскер жөнөтүүнү, жайкын тургундарды коопсуз жайга көчүрүүнү талап кылып жатат. 16-сентябрь, 2022-жыл.
Чогулгандар Баткенге чукул арада аскер жөнөтүүнү, жайкын тургундарды коопсуз жайга көчүрүүнү талап кылып жатат. 16-сентябрь, 2022-жыл.

Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында соңку чек ара жаңжалынан улам Баткен облусуна жардам берүүнү талап кылган ондогон адам чогулду. Алар чыр чыккан аймакка кошумча аскер жөнөтүүнү, ал жактан жергиликтүү тургундарды коопсуз жайга көчүрүүнү, Исфанадан Бишкекке атайын учак каттамдарын уюштурууну талап кылышууда.

Чогулгандардын айрымдары Жогорку Кеңешке кирип, талаптарын айтууга аракет кылып жатат. Митингге чыккандар менен бийлик өкүлдөрү жолуга элек.

Учурда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын атайын кызматынын башчысы Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өтүп жатат. УКМКга караштуу Чек ара кызматы мындан улам ок атышуу соолгундай түшкөнүн, ок атышууну токтотуу, кырдаалды жөнгө салууга байланыштуу бардык чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда саат 10.15ке карата абал дагы деле чыңалып турганын билдирген. Эки өлкөнүн Чек ара кызматынын башчылары Уларбек Шаршеев менен Ражабалы Рахмонали ок атышууну токтотууну макулдашканы менен тажик аны аткарбай жатканын кабарлаган.

"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар саат 10.00дон тартып ок атышууну токтотууну, жолугуп сүйлөшүүнү макулдашкан. Бирок тажик тарап макулдашууну аткарбай, ок атышууну токтотпой жатат",-деп айтылат Чек ара кызматы тараткан маалыматта.

Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, соңку жаңжалда кеминде 18 адам жараат алды.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген. Анда атайын билдирүү таратып, "тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды", - деп айыптаган. Анда "Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча атышуу уланып жатканын" белгилеген.

Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат 4төн тартып "Дүйшөмбү" чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын, ок атышууну токтотпой жатканын жазды.

Reuters агенттиги тажик тараптан бир жайкын тургун мерт болуп, дагы үч адам жараат алганын өз булактарына таянып жазды. Бирок тажик бийлиги бул маалыматты ырастай элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG