Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Кадамжай-Халмион-Баткен багытындагы жол жабык


Кулунду айылынан коопсуз жакка эвакуацияланып жаткан эл. Лейлек. 16-сентябрь, 2022-жыл. (окурмандар жиберген сүрөт
Кулунду айылынан коопсуз жакка эвакуацияланып жаткан эл. Лейлек. 16-сентябрь, 2022-жыл. (окурмандар жиберген сүрөт

Кадамжай-Халмион-Баткен багытындагы жол Баткен району тараптагы Развилка деп аталган жерде улам аткылоо болуп жатканына байланыштуу убактылуу жабылды.

Ушундан улам Баткенден эвакуацияланган элди Өзбекстандын Сох анклавы аркылуу Кадамжайга алып өтүү аракети жүрүп жатканын Кадамжай районунун акими Кутпидин Шакиров "Азаттыкка" билдирди.

"Биз Сохтун акими менен сүйлөшүп, Баткенден Кадамжайга Сох аркылуу өтүүчү жолдордун баары аркылуу аялдарды, балдарды, карыяларды алып өтүүгө уруксат алдык. Баткенге 10 чакты бусик жибердик. Сох, Чечме аркылуу жана Ак-Турпак аркылуу адамдар Баткенден келе баштады. Аларды үйлөргө жайгаштырып атабыз".

Баткен-Халмион-Кадамжай багытындагы жол менен келип, Техас аталыштагы аймакта турган 50дөй адамды үйлөргө жайгаштыруу аракети жүрүп жатканын "Кадамжай жардам штабынын" өкүлү Кундузкан Исакова да "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда аталган штаб Кадамжайдын ар кайсы айылдарында 200 чамалуу үйдү даярдаган.

"Бул үйлөр коопсуз жак издеп келген элди кабыл алууга даяр. Тамак-ашын азырынча үй ээлери өздөрү камсыздайт. Айланма жол жабык болгондуктан, Сох аркылуу келгендер да бар экен, аларды да кабыл алып, үйлөргө бөлүштүрөбүз".

Элди коопсуз жакка эвакуациялоо аракеттери Баткен облусунун Лейлек, Баткен райондорунда жүрүп жатат. Азырынча жалпы саны тууралуу так маалымат жок.

Лейлектин Кулунду, Максат, Ак-Арык, Интернационал, Кайрагач, Булак-Башы айылдарынын жаш балдар, кары-картаң, кыз-келиндери Маргун айылы жана Сүлүктү шаары жакка жапырт эвакуацияланып жатат. Булак-Башы айылынын тургуну Медер Амировдун айтымында Кайрагачтагы чек ара постунда жана Коргончо жерлиги тарапта атышуулар угулуп жатат.

Баткен, Лейлек райондорунда жана Баткен шаарындагы мектептерде окуу да токтогону кабарланды.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрь, саат 8.25ке карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат таратып, Лейлек районуна караштуу Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын тажик тарап аткылап жатканын, кыргыз чек арачылары ага жооп кайтарганын билдирген. Анын алдында кыргыз-тажик чек арасында жума күнү эртең менен кайра атышуу башталганын маалымдаган. Баткен облустук администрациясы соңку жаңжалда кыргыз тараптан төрт жоокер жараат алганын кабарлаган. Анда 16-сентябрда таңкы саат 6да Эки-Таш аймагын тажик тарап аткылап, бир сааттан кийин Кызыл-Бел участкасына ок чыгарганы айтылат.

Чек ара кызматы саат 8.00 чамасында Лейлек районуна караштуу Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын тажик тарап аткылап жатканын жана кыргыз чек арачылары ага жооп кайтарганын маалымдады.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы чек арадагы соңку жаңжалда 11 адам Баткен облустук ооруканасына жаткырылганын билдирди.

Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат 4төн тартып "Дүйшөмбү" чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын жазды. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG